SerepTV Logo

Түркияда жер катуу силкинерин үч күн мурда эле сейсмолог алдын ала айткан

Түркияда жер катуу силкинерин үч күн мурда эле сейсмолог алдын ала айткан
Түркияда жер катуу силкинерин, атүгүл баллына дейре так үч күн мурда эле сейсмолог Франк Хогербитс алдын ала айткан. "Эртеби же кечпи бул аймакта (Түркиянын түштүгү, Иордания, Сирия, Ливан) күчү 7,5 баллдын тегерегин түзгөн жер титирөө болот", - деп жазган ал Твиттердеги баракчасына 3-февралда. Сейсмологдун жогорудагы билдирүүсү учурда 63 миңден ашуун жолу бөлүшүлүп, 42 миллиондон көп кароо топтоду.
info