SerepTV Logo

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 17 миңден ашты

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 17 миңден ашты

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жер титирөөдөн каза болгондор жана жабыркагандар боюнча акыркы маалыматтарды жарыялады. Каза болгондордун саны - 14 014, жаракат алгандардын саны - 63 794. Сириядагы курмандыктар менен бирге каза болгондордун саны 17 миңге жетти. Бул тууралуу ТРТ билдирди. 

«Учурда каза болгондордун саны 14 миң 14кө жетип, 63 794 адам жаракат алган. 6 миң 444 имарат талкаланды», - деди Эрдоган жер титирөөдөн жабыркаган Газиантеп шаарында өткөн маалымат жыйында. Сирияда каза болгондордун жалпы саны кеминде 3 миң 162 адам. 

edita