SerepTV Logo

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 15 миңге жетти

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 15 миңге жетти

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 12 миң 391ге жетип, 62 миң 914 киши жаракат алганын Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар департаментине шилтеме берүү менен Анадолу агенттиги жазды.

The Statesman гезитинин маалыматына караганда, Сириянын бардык аймагында каза болгондордун саны 2 миң 992 адамга жеткен.

6-февралда Түркияда күчү 7,4 жана 7,7 баллга жеткен эки жер титирөө болуп, ал Сириянын бир катар аймактарын да жабыркаткан. Бул Түркияда 1939-жылдан берки эң чоң жер титирөө болгону маалымдалды. Өлкөдө 12-февралга чейин аза күтүү жарыяланды.

edita