SerepTV Logo

Түркия 3 күндүк локдаун жарыялады

Түркия 3 күндүк локдаун жарыялады
Коронавирустун жайылышы күчөп жатканына байланыштуу Түркияда жума күндөн дүйшөмбүгө чейин коменданттык саат жарыяланды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинен билдиришти. Өткөн жумада өлкөдө вирус жугузуп алгандардын рекорддук саны катталган, кечээ болсо, бир сутка ичинде эң көп  - 346 өлүм катталды. «23-апрель мамлекеттик майрам — Улуттук эгемендүүлүк жана балдар күнү болгондуктан, бул жумада көчөгө чыгууларды чектөө 22-апрелде саат 19:00дө башталып, 26-апрелде сат 5:00дө бүтөт», - деп айтылды ИИМ тараткан маалыматта. Коменданттык саат учурунда Түркия жарандары үйлөрүнөн саат 10:00дөн 17:00огө чейин азык-түлүк саткан дүкөнгө, дарыканага, дарыгерге барыш үчүн же итти сейилдетүү үчүн гана чыга алышат.
Unknown Author