SerepTV Logo

Твиттерге жарыяланган эң биринчи билдирүү 2,9 миллион долларга сатылды

Твиттерге жарыяланган эң биринчи билдирүү 2,9 миллион долларга сатылды
Твиттер социалдык тармагынын негиздөөчүсү кол койгон биринчи "твит" баалуу буюмдар аукционунда 2 миллион 900 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, аукциондогу соодалашууну жеңген Bridge Oracle компаниясынын башкы директору Хакан Эстави болду. Ал бул виртуалдык менчик үчүн 2 миллион 900 миң долларга жакын каражат төлөгөн. Ал акчанын бардыгы COVID-19 пандемиясынын шартында Африка мамлекеттерине кайрымдуулук жардамына жумшалат. Биринчи "твитти" Твиттер социалдык тармагынын негиздөөчүсү Жек Дорси 2006-жылы 21-мартта 15 жыл мурун жазган. Бул посттун мазмунунда "Менин твиттеримди жөндөө" деп жазылган. Кызыгы бул "твит" аукционго биринчи жолу 2020-жылдын 15-декабрында сунушталган. 19-декабрдан 21-декабрга чейин анын баасы 1 доллардан 3 миң 500 долларга чейин жогорулаган. Бирок 27-декабрда акыркы катышуучу сунушун кайтарып алып, аукцион кайрадан башталууга аргасыз болгон. 15-февралда биринчи твитке кайрадан 1 доллар сунушталган. Андан кийин 6-мартта бир күндүн ичинде анын баасы 2 миллион 500 миң долларга көтөрүлүп, 22-мартта соодалашуунун акыркы катышуучусу Хакан Эстави өзүнүн сунушун 2 миллион 900 миң долларга көтөрүп, виртуалдык лотту алып, лидерлигин бекемдеди.
Unknown Author