SerepTV Logo

Трамп менен Байден жолукту

Трамп менен Байден жолукту
АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп Ак үйдө азыркы президент Жо Байден менен жолугушту. Бул Байден менен Трамптын президенттик шайлоодон кийинки биринчи жолугушуусу. Sky News жазгандай, жолугушуу 2 саатка созулган. Жолугушууда Байден бийликти кийинки президентке тынчтык жолу менен өткөрүү ниетин айтты, ал эми Трамп процесс мүмкүн болушунча тынч өтөрүн айтты. АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Дональд Трамп 312 шайлоо добуш алды. Демократиялык партиянын талапкери Камала Харрис 226 добуш алды. Трамптын инаугурациясы 2025-жылдын 20-январында болот.
edita