SerepTV Logo

"Титаникти" көрөм деп каза болгондордун батискафы океандын түбүнөн чыгарылды

"Титаникти" көрөм деп каза болгондордун батискафы океандын түбүнөн чыгарылды
Кечээ, 28-июнда "Титаникти" көрөм деп каза болгондордун батискафынын калдыктары океандын түбүнөн чыгарылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты. Канадалык ЖМКлардын маалыматына ылайык, батискафтын калдыктары издөө-куткаруу операциясы аяктагандан кийин бир аптадан соң суу үстүнө чыгарылды. 18-июнда туристтердин батискафы 1912-жылы Атлантика океанынын түбүнө, 3800 метр тереңдикке чөгүп кеткен белгилүү «Титаник» кемесинин калдыктарын көрүү үчүн суу астына түшүп, дайынсыз жоголгон.  23-июнда АКШнын Жээк коргоо кызматы батискафтын экипажы толугу менен набыт болду деп жарыялаган. Бортто 5 адам болгон, анын ичинде Улуу Британия менен Франциянын окумуштуулары жана изилдөөчүлөрү бар. Action Group компаниясынын негиздөөчүсү, миллиардер Хэмиш Хардинг да бортто болгон. «Титаникти» көрүү экскурсиясы 8 күндөн турат жана анын баасы 250 миң доллар. Экскурсиянын жүрүшүндө кырсыкка кабылган кемени көрүү да каралган. Суунун түбүнө түшүү жана кайра чыгуу баш-аягы 8 саатты алат.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="187523,187524,187525"]  
info