SerepTV Logo

Tiktok жылдын эң популярдуу роликтерин атады

Tiktok жылдын эң популярдуу роликтерин атады
Tiktok жылдын эң популярдуу роликтерин атады. Алар - капибару, кызыл желектер жана Австралиядагы кой менен ит тууралуу видеолор. Соцтармакта 2023-жыл ичиндеги видеолордун тенденциясына ички иликтөө жүргүзүп, жетекчилиги төмөндөгү видеолор бүт дүйнөдөгү миллиарддан ашуун адамга эргүү жана билим берип, алардын көңүлүн ачканын айтты. Эң мыкты видео - Австралиядагы койлорду кайтарган ит, нандан даам жасоону үйрөтүү, капибаранын башына мандаринди үйүп коюу.
Эң мыкты музыка - Cupid–Twin Ver (FIFTY FIFTY) ырынын тездетилген версиясы, ажырашуунун гимни болгон If We Ever Break Up (Мэй Стивенс) ыры, 2014-жылы чыккан Collide (Жастин Скай) деген тректин тездетилген версиясы. Жаңы жылдыздар - Сабрина Бахсун — Лондон метросундагы кыз, Макс — тамак жасоону шоуго айланткан ашпоз, Мохаммед Шами — Жакынкы Чыгыштагы үй-бүлөлүк тамашаларды жаратуучу, Плуто — беш жаштагы трюктарды сүйкүмдүү жол менен үйрөткөн бордер-колли. Жаңы хиттери менен эски жылдыздар - Ким Лоаиза, Селена Гомес, BLACKPINK, BTS, Фейд.
Башкы тренддер жана эффекттер - кызыл, жашыл жана саргыч боз желектер, мультфильмдегидей ИИ фильтр жана картаюу.
info