SerepTV Logo

Тик учак кырсыгында каза болгон Ирандын президенти менен коштошууга миңдеген адамдар келип жатат

Тик учак кырсыгында каза болгон Ирандын президенти менен коштошууга миңдеген адамдар келип жатат
19-майда Ирандын президенти Ибрагим Раиси авиакырсыкта каза болгон. Аны менен коштошууга миңдеген адамдар келип жатканы жана кезек бир канча чакырымга уланганы тартылган фото-видеолор жарыяланып жатат. Ирандын президентинин табыты өлкөнүн бир нече шаар жана провинциясында болуп, бүгүн, 22-майда коштошуу зыйнаты борбор калаа Тегеранда Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин катышуусунда өткөнү жатат. Кийин сөөгү президенттин туулган шаарына жеткирилип, эртең, 23-майда жерге берилет.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="241908,241904,241905,241907,241906"]  
info