SerepTV Logo

Теннессидеги суу ташкыны 10 кишинин өмүрүн алды

Теннессидеги суу ташкыны 10 кишинин өмүрүн алды

АКШнын чыгышындагы Теннесси штатында болгон селден кеминде 10 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Хамфрис округунун шерифи Крис Дэвиске таянуу менен жазып чыкты. "Дагы 31 киши дайынсыз болууда, - деди ал. 

Теннесси штатындагы суу ташкынына жума күндөн бери жаап жаткан нөшөрлүү жамгыр себеп болгон. Айрым шаарларда күнүмдүк жаан-чачындын рекорду (38,6 см) жаңыртылды. Теннесси штатындагы Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги суу каптоонун кесепетинен үчүнчү деңгээлдеги коркунучту жарыялады жана жашоочуларды унаа башкарбоого, суу каптаган жолдордон алыс болууга чакырды.

edita