SerepTV Logo

Ташкенттеги аэропортто крокодилдин 54 баласын алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Ташкенттеги аэропортто крокодилдин 54 баласын алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Ташкент аэропортунда каттамдардын биринин жүргүнчүсү жүгү менен крокодилдин 54 баласын алып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Бажы кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жаран жаныбарларды бир нече желим идиштерге, сабиз, лимон, банан жана башка мөмө-жемиштердин арасына катып койгон. Бажы кызматкерлери крокодилдердин кыймылын аныктап калбашы үчүн контейнерлерди фольгага ороп койгон. 

Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп, жүргүнчүнүн Өзбекстанга мынча крокодилди эмне себептен алып келгени такталууда.

edita