SerepTV Logo

Ташкент-Ош жолунда жүк ташуучу унаа жарылып кетти (видео)

Ташкент-Ош жолунда жүк ташуучу унаа жарылып кетти (видео)

Өзбекстанда боёк жүктөлгөн жүк ташуучу унаа ашуудан түшүп келе жатып оодарылып, жарылып кетти. Бул тууралуу Tengrinews.kz билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, окуя 6-апрель күнү түштөн кийин Ташкент-Ош эл аралык унаа жолунун 259-чакырымында, Камчык ашуусунда болгон. Саат 11:10дор чамасында кырсыктын кесепетинен жүк ташуучу унаа күйүп, дагы үч жеңил унааны сүзгөн. Окуя болгон жерден тартылган кадрлар социалдык тармактарга тарап жатат.

"Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 6 адам жабыркап, жакынкы медициналык мекемеге жаткырылды. Өрт толугу менен өчүрүлгөндөн кийин айдоочу жүк ташуучу унаанын ичинде каза болгондугу белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта. 

 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от интернет-СМИ «kris_p_brothers» Qazaqstan (@kris__p__official)

edita