SerepTV Logo

Талиптер Ооганстандын Герат шаарын басып алышты

Талиптер Ооганстандын Герат шаарын басып алышты

Ооган армиясы артка чегинип, Гератта эбегейсиз көп курал калтырды. Герат бир апта ичинде талиптер басып алган 11-административдик борбор болуп саналат. Бул тууралуу "Центральная Азия" жазып чыкты. 

Ооганстандын коопсуздук кызматкерлери бейшемби күнү, 12 -августта, Иран менен чек арага жакын бул шаар талиптердин көзөмөлүнө өткөнүн ырасташты. "Биз мындан ары кыйроолорду болтурбоо үчүн шаардан кетүүгө аргасыз болдук", - деп билдиришти армиянын өкүлдөрү. 

Буга чейин Гератта күч колдонулган салгылашуулар болуп, анын натыйжасында талипдер полициянын штабын ээлеп алышкан. Аскерлер таштап кеткен көптөгөн курал-жарактар, анын ичинде аскердик машиналар исламчылардын колуна түшкөн.

Герат буга чейин Ооганстандын талиптер тарабынан бир апта ичинде басып алынган 11-административдик борбору болуп саналат. Кабулдагы өкмөт, борбордон тышкары, азыр бир нече райондорду жана курчоодо калган шаарларды гана көзөмөлдөйт. 12 -августта Талиптин өкүлдөрү да Кандагарды басып алганын жарыялашкан.

edita