"Талибан" менен салгылашкан 1000ден ашуун Ооганстандын аскерлери Тажикстан тарапка дагы чегинди
Ооганстанда 1000ден ашык аскер 5-июлга караган түнү Тажикстандын аймагына чегинди. Буга чейин бир канча жолу ооган аскерлери коңшу өлкөнүн чек арасына кирүүгө мажбур болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалымат боюнча, учурда мамлекеттин 40 пайызы "Талибандын" көзөмөлүндө турат. Тажик чек арачылары Ооганстанда "Талибандын" мүчөлөрү менен кагылышуудан кийин артка чегинген 1000ден ашуун аскерди өз өлкөсүнө киргизди. Бул тууралуу "Ховар" агенттиги тажик чек ара кызматына шилтеме берүү менен билдирди.