SerepTV Logo

"Талибан" кыймылы Ооганстандын Тажикстан менен чек арасындагы дагы бир бекетин басып алды

"Талибан" кыймылы Ооганстандын Тажикстан менен чек арасындагы дагы бир бекетин басып алды
"Талибан" кыймылы Ооганстандын Тажикстан менен чек арасындагы дагы бир бекетин басып алды. Бул тууралуу "РИА Новости" жазды. Ооганстандын Балх провинциясына караштуу Калдор районунда жайгашкан Укчук чек ара пункту "Талибан" кыймылынын кол салуусунун жыйынтыгында басып алынды. Өкмөттүк күчтөрдүн 17 аскер кызматкери Тажикстандын аймагына чегингенин Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкен. "Айыгышкан кагылышуунун натыйжасында 17 мамлекеттик аскер кызматкери "Шахритус" посту аркылуу өмүрүн сактап калуу үчүн Тажикстандын аймагына өтүүгө аргасыз болушкан. Тажик чек арачылары ооган аскер кызматкерлерине тоскоолдуксуз өтүүгө уруксат беришти. Чек аранын бул аймагында кырдаал курч бойдон калууда. "Талибан" менен Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнүн ортосунда салгылашуу уланууда", - деп жазылат маалыматта.
Unknown Author