SerepTV Logo

Тажикстанда 18 жаштан улууларга коронавируска каршы эмдөө милдеттендирилди

Тажикстанда 18 жаштан улууларга коронавируска каршы эмдөө милдеттендирилди
Тажикстанда коронавируска каршы эмдөө 18 жаштан жогору жарандар үчүн милдеттүү. Бул тууралуу COVID-19 жайылуусунун алдын алуу боюнча эпидемияга каршы чараларды күчөтүү боюнча республикалык штабдан билдиришти. Өлкөдө жарандарды эмдөө акысыз жүргүзүлөт. Тажикстандын аймагынан чет өлкөгө чыккан жарандар кайтып келгенде вирус бар жок экендигин аныктоо үчүн ПЦР-тест тапшырышат. Тест жыйынтыктары кандай жыйынтык көрсөтсө да 10 күн үйдө обочолонгон бөлмөдө болушу керек. Учурда эпидемиологиялык кырдаал курчуп бара жаткандыгына байланыштуу элдин саламаттыгы үчүн өлкөдө бир катар эрежелер киргизилген.
Unknown Author