SerepTV Logo

Рахмон Коргоо министрине Тажикстан менен Ооганстандын чек арасына 20 миң аскер топтоону тапшырды

Рахмон Коргоо министрине Тажикстан менен Ооганстандын чек арасына 20 миң аскер топтоону тапшырды
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Коргоо министрине Тажикстан менен Ооганстандын чек арасын бекемдөөгө 20 миң аскерди мобилизация кылууну тапшырды. Эки мамлекеттин чек арасындагы региондордогу саясий кырдаалдын курчушун эске алып, мамлекет башчысы республиканын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө, күч структураларынын башчыларына, укук коргоо органдарына коопсуздукту камсыз кылуу боюнча конкреттүү чараларды көрүүнү буюрду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазышты. Мамлекеттик чек араны коргоо максатында чек араны кайтаруу потенциалын күчөтүү жана кошумча талап кылынган аймактарга аскер күчтөрүн жөнөтүүнү дагы айткан.
Unknown Author