SerepTV Logo

Тажикстанда нөшөрлөп жааган жамгырдан 13 адам каза болду

Тажикстанда нөшөрлөп жааган жамгырдан 13 адам каза болду

Кечээ, 27-августта нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Тажикстанда 13 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Эмомали Рахмондун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жамгырдан Вахдат шаарында 11 адам, Рудаки районунда эки адам каза болгон. Рахмон премьер-министрге, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетине жаратылыш кырсыгынан жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүнү тапшырды.

edita