Тажикстанда энергияны үнөмдөөчү лампаларды алып келүүгө жана сатууга тыюу салынды
Тажикстан өлкөгө курамында сымап бар энергияны үнөмдөөчү лампаларды алып кирүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салды. Өкмөттүн тиешелүү токтому 2022-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирди.
Өкмөт сымап лампалардын ордуна Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигине жана Инвестициялар комитетине “өлкөдө экологиялык жактан таза энергияны үнөмдөөчү светодиоддук лампаларды чыгарууну активдештирүү” боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн соода түйүндөрүндө сымап камтыган жана светодиоддук энергияны үнөмдөөчү лампалар сатылат, лампаларды жашыруун жерлерден тапса болот, алар Кытай жана Орусиядан алып келинет.
Өкмөттүн жаңы токтомунда сымап лампаларына эмне үчүн тыюу салынганы түшүндүрүлбөйт, бирок бул кадам биринчи кезекте экологиялык талаптарга байланыштуу болсо керек деген божомолдор бар.