Таиландда тамак издеген пил үйдү жиреп кирген (видео)
Таиландда пил тамак издеп турак үйдүн ичине кирип барган. Бул тууралуу чет элдик басымалар жазышты.
Видеодо пилдин турак-үйдүн дубалын, текчелерди талкалап, жегенге жарактуу нерсени табууга аракет кылгандыгы көрсөтүлгөн. Үйдүн жашоочулары ага тоскоолдук кылышкан эмес. Алар анын тамак таап, олжосу менен кетишин күтүүгө аргасыз болушкан.
Пил Таиландда ыйык жаныбар жана улуттук символ болуп эсептелет. 1917-жылга чейин пил өлкөнүн желегинде чагылдырылган болчу.
Слон вломился в жилой дом в Таиланде в поиске чего-нибудь вкусного. Проломил стену, раскидал всё с полок и довольный ушёл с добычей.
Весь Таиланд в одном видео pic.twitter.com/txrCzwPPm7 — Лента.ру (@lentaruofficial) June 21, 2021