Сүйүктүүсүнө ачууланган жигит музейдеги миллион долларлык экспонаттарды талкалап салган
АКШлык 21 жаштагы жигит сүйлөшкөн кызы менен уруша кетип, ачуусу менен музейге барып кымбат баалуу экспонаттарды талкалап салган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Даллас көркөм музейинде талкаланган буюмдардын арасында 5 миллион долларга бааланган байыркы грек амфорасы жана байыркы грек кутучасы болгон. Андан сырткары 100 миң долларлык байыркы грек чынысы, 10 миң долларлык кэдо индей урууларынын керамикалык бөтөлкөсү талкаланган.
Музейдин кароолчусу кылмышка шектүү 21 жаштагы Брайан Эрнандести полиция келгенче эле кармап, анын сүйлөшкөн кызына өчөшүп бул ишке барганын билген.