SerepTV Logo

Сургуттагы өрттө каза болгон балдардын апасына кылмыш иши козголду

Сургуттагы өрттө каза болгон балдардын апасына кылмыш иши козголду
Сургуттагы өрттө каза болгон балдардын апасына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "СургутинформТВ" порталы жазып чыкты. Анда каза болгон балдардын апасына карата “Эки же андан көп балдарга этиятсыздыктын натыйжасында өлүмгө алып келүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аны камакка алууну талап кылып жатканы айтылат. Ошондой эле орус маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, окуя 11-мартта дача үйдө болгон. 8 жаштагы кыз жана 5 жаштагы бала үйдө чоңдордүн кроосусуз калган. Апасы жумушка, ал эми чоң апасы бир нече күн мурда курбусунун үйүнө кеткен. "Ал эми үйдө эки жылыткыч коюлган. Кыязы, өрттүн келип чыгышына электр зымдарынын чыңалуусунан келип чыккан кыска туташуу себеп болушу мүмкүн. Балдар күйүп жаткан үйдөн чыгууга аракет кылышкан, өрт каптап жаткан учурда апасына чалышкан. Бирок, сырткы эшик кулпулангандыктан алар тышка чыга алышкан эмес",-деп айтылат маалыматта. Бул убакта балдардын атасы болсо, Кыргызстанда мекенинде болгон. Ал административдик укук бузгандыгы үчүн депортация кылынган. Шейшембиде балдардын сөөгүн мекенине кайтаруу пландалууда. Эске салсак, 11-март күнү эртең менен Орусиянын Ханты-Мансий автономиялуу округуна караштуу Сургут шаарындагы үйлөрдүн биринен чыккан өрттүн кесепетинен 5 жана 8 жаштагы (2012 жана 2015-жылы туулган) кичинекей кыргызстандык балдар каза болгон. Өрт өчүрүү кызматы келген учурда имарат толугу менен өрттөнүп, чатыры кулап түшкөнү айтылган.
Unknown Author