Словакияда өкмөткө каршы митингдер өтүп жатат
Словакиянын 30 шаарында өкмөткө каршы массалык митингдер өтүп жатат. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык кечээ, 24-январда 100 миңдей киши митингге чыккан.
"Украинага тынчтык" бейөкмөт уюмунун нааразылык акциясынын уюштуруучулары премьердин кызматтан кетишин жана өлкөнүн Орусия менен кызматташуусун токтотууну талап кылышууда", - деп жазат Aktuality басылмасы.
Буга чейин премьер-министр Роберт Фицо Словакияда бийликти кулатуу үчүн Грузиядагы окуяларга жана "Майданга" тиешеси бар чет элдик эксперттер тобу иштеп жатканын билдирген.