SerepTV Logo

Сенегалдагы төрөтканада өрт чыгып, 11 ымыркай чарчап калды

Сенегалдагы төрөтканада өрт чыгып, 11 ымыркай чарчап калды
Сенегалдагы төрөтканада өрт чыгып, 11 ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, кырсык Тивауан шаарында болгон. Өлкөнүн президенти Маки Саль ымыркайын жоготкон үй-бүлөлөргө көңүл айтты. "Төрөткананын неонатология бөлүмүндө чыккан өрттөн 11 жаңы төрөлгөн ымыркай каза болгонун билдим", — деп жазды ал өзүнүн баракчасына. Болгону үч ымыркай аман калган. Балдар бөлүмүндөгү өрттүн келип чыгышына электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгону аныкталган.
edita