SerepTV Logo

"Сен эркек төрөбөйсүң!". Өзбекстанда аял 3 кызы менен поездге эмне үчүн боюн таштаганы айтылды

"Сен эркек төрөбөйсүң!". Өзбекстанда аял 3 кызы менен поездге эмне үчүн боюн таштаганы айтылды
Буга чейин Өзбекстанда болгон, коомчулукта чуу жараткан окуянын себептери аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. 21-мартта Өзбекстандын Навои облусундагы Кармана районунда 31 жаштагы аял 3, 5 жана 8 жаштагы 3 кызы менен чогуу поезддин алдына боюн таштаган болчу. Анда аял башынан катуу жаракат алгандыгына байланыштуу ооруканада каза тапкан. Анын үч кызы аман калганы менен алар да оор жаракаттарды алышкан. Бул факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, 28-мартта өзбек басылмалары окуянын себебин, эмне үчүн аял үч кызы менен суицид кадамына баргандыгын жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, аялдын үй-бүлөлүк материалдык абалы орто болгон. Ал күйөөсү менен болгон чыр-чатактардан улам психикалык өзгөрүүлөргө туш болгон. Себеби күйөөсү аны "сен эркек бала төрөбөйсүң!" деп сөгүп, жектеп келген. Ошондой эле ушул жылдын январь айында аял дагы кош бойлуу болгон. Бирок УЗИде бул жолкусунда да  кыз экенин билген ал боюнан алдыртып салганы маалым болду.
Unknown Author