SerepTV Logo

Салтанат Нукенованын өлүмү. Экс-министрдин иши сотко өттү

Салтанат Нукенованын өлүмү. Экс-министрдин иши сотко өттү
Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевдин иши сотко өттү. Бул тууралуу Orda.kz жазды. «Иш сотко жөнөтүлдү, бирок судья аныктала элек», - деген адвокат Жанна Мухамади. Иш Астананын кылмыш иштери боюнча райондор аралык адистештирилген сотунда каралат. Астанада Gastro Center оюн-зоок комплексинин ичинде аял өлтүрүлгөн. Кийинчерээк анын Салтанат Нукенова экени маалым болгон. Аны өлтүрүүгө шектелип жолдошу - Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев кармалган. Салтанат Нукенованын бир тууганы жакында эле анын өлүм алдындагы көзөмөл камерадагы видеосу жарыялаган.
edita