«Салимбай» деп таанылган “өзбек мафиясынын кожоюну” камакта калтырылды. Ага коюлган айыптар күчөтүлдү
Ташкентте коомчулукка “Салимбай” жана «Салимбойвачча» каймана аты менен белгилүү Салим Абдувалиев кармалган. Сот аны тергөө бүткүчө камакта калтырды. Бул тууралуу Ташкент ШИИБдин башчысы маалымат жыйында билдирди.
Алгач ишкер Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 248-беренесинин 1-бөлүгүндө (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ок атуучу куралдардын негизги бөлүктөрүн, жардыргыч заттарды, жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмышты жасаган деп шектелген. Бул үчүн Абдувалиев эң аз дегенде айып пул төлөп, эң көп дегенде беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн эле. Эми ага ошол эле берененин 2-бөлүгү боюнча айып тагылган. Бул учурда жаза беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат.
Салим Абдувалиев — постсоветтик мейкиндиктеги эң белгилүү меценаттардын бири. 2017-жылдын январында Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган. Аны кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү деп эсептешет. Бир нече жыл мурун АКШнын Өзбекстандагы элчиси дипломатиялык каттарында аны “өзбек мафиясынын кожоюну” деп атаган. 1997-жылдан бери Салим Абдувалиев Өзбекстандын Күрөш ассоциациясын жетектеп келет.