Роналдунун сүйүктүүсү байбы же Мессинин жубайбы? Салыштырып көрүштү
Дүйнөлүк футбол легендалары Криштиану Роналду менен Лионель Мессинин жубайларынын байлыктарын ЖМКлар салыштырып жазып чыкты.
Роналдунун жубайы Жоржина Родригес жана Мессинин жубайы Антонелла Рокуццо аргентиналык белгилүү моделдер. Алардын ишмердүүлүгүнө кызыккан журналисттер жылдыздардын каржы булагын салыштырып чыкты.
29 жаштагы Жоржина бренд товарлар, социалдык медиа жарнамалар менен иштешип акча табат. Анын Инстаграм баракчасында 50 миллиондон ашык катталуучулары бар. Моделдин өзүнө тааандык "Мен Жоржина" атту шоу программасы Netflix'те көрсөтүлөт. Роналдунун сүйүктүүсүнүн каржы булагы 10 миллион доллар деп эсептелген.
2016-жылы Рокуццо Луис Суарез менен биргеликте аялдардын бут кийимин саткан дүкөн ачкан. Анын дүкөндөр тармагы бар.