SerepTV Logo

Рэпер Jay-Z Пи Дидди менен бирге 13 жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталып жатат

Рэпер Jay-Z Пи Дидди менен бирге 13 жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталып жатат
Белгилүү рэпер жана ишкер Jay-Z 2000-жылы Пи Дидди менен бирге 13 жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталган. Болжолдуу маалыматтарга караганда, бул Нью-Йорктогу MTV Video Music Awards аземинен кийинки кечеде болгон. Jay-Z айыптоолорду “акмакчылык” деп атаган.  Атын атагысы келбеген аял арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2000-жылы 13 жашында Пи Дидди менен Картер аны Нью-Йорктогу MTV Video Music Awards аземинен кийин үй кечесинде зордуктаган. Картер жекшемби күнү кечинде билдирүү жасады. "Бул айыптоолор ушунчалык жийиркеничтүү болгондуктан, жарандык эмес, кылмыш ишин козгоону суранам!",- деп жазды ал.
edita