SerepTV Logo

Путин Орусия агрессияга алдын ала жооп кайтарганын айтты

Путин Орусия агрессияга алдын ала жооп кайтарганын айтты

"Орусия агрессияга алдын ала жооп кайтарды, бул бирден-бир туура чечим болду", - деп билдирди Владимир Путин Жеңиш парадында сүйлөп жатып.

«Аскердик инфраструктура кантип өнүгүп жатканын, жүздөгөн чет элдик кеңешчилер кантип иштей баштаганын, НАТО өлкөлөрүнөн эң заманбап курал-жарактарды үзгүлтүксүз жеткирүү жүрүп жатканын көрдүк. Коркунуч күн сайын күчөдү. Орусия агрессияга алдын ала жооп кайтарды - бул мажбурланган, өз убагында жана бирден-бир туура чечим, эгемендүү, күчтүү жана көз карандысыз өлкөнүн чечими болду», - деди Путин.

Орус президенти Орусиянын чек арасына жакын жерде дароо коркунуч жаралып, кол салуу даярдалып жатканын айтты. 

Путин Донбасстын кошуундары менен орус армиясынын жоокерлери “душманды ата-бабалары талкалаган” өз жеринде согушуп жатканын айтты. «Азыр Кызыл аянтта биздин кең мекенибиздин көптөгөн аймактарынан келген жоокерлер жана офицерлер, анын ичинде Донбасстагы согуштук аймактан түз келгендер турушат», - деди ал.

edita