Путин менен Трамптын качан жолугары айтылды
Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын жолугушуусу март айына пландалганы айтылды. Бул тууралуу Бундестагдын (Германиянын парламенти) депутаты Родерих Кизеветтер Х социалдык тармагындагы баракчасына жазган.
"Трамп менен Путиндин жолугушуусу март айына пландаштырылган. Ар ким муну өзү каалагандай баалай алат", - деди Кизеветтер.
Декабрдын аягында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Трамптын командасынан өлкөлөр ортосундагы диалогду жандандырууга кызыкдар деген сигналдарды алып жатканын айткан.