SerepTV Logo

Путин Крым көпүрөсүнүн жардырылышын теракт деп атап, Украинанын атайын кызматтарын айыптады

Путин Крым көпүрөсүнүн жардырылышын теракт деп атап, Украинанын атайын кызматтарын айыптады

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин менен жолугушту. Анда президент Крым көпүрөсүн бузуу тапшырмасын аткаруучулары жана буйрутма бергендер Украинанын атайын кызматтары экенин билдирди.

«Бул жерде, сиз жаңы эле кабарлагандай, бул Орусия Федерациясынын маанилүү жарандык инфраструктурасын бузууга багытталган террордук чабуул экени талашсыз. Ал эми авторлору, аткаруучулары, буйрутма бергендер Украинанын атайын кызматтары», — деди Путин.

Тергөө комитетинин башчысы укук коргоо органдары Крым көпүрөсүндө теракт даярдап жаткан шектүүлөрдү аныктоого жетишкенин билдирди. Анын айтымында, Украинанын атайын кызматына чабуулду даярдоого Орусиянын жана чет мамлекеттердин жарандары жардам беришкен.

edita