SerepTV Logo

"Президенттин резиденциясына бастырып киришти". Бразилияда массалык башаламандык болуп жатат (видео)

"Президенттин резиденциясына бастырып киришти". Бразилияда массалык башаламандык болуп жатат (видео)

Бразилияда президенттик шайлоого байланыштуу массалык башаламандык орун алды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. 

Кечээ, 8-январда мурдагы мамлекет башчысы Жаир Болсонарунун миңдеген тарапташтары Улуттук Конгресске, Федералдык Жогорку Сотко кирип, азыркы лидердин резиденциясын курчоого алышты. Учурдагы президент Лула да Силва өзү ал учурда Сан-Паулу штатында иш сапарында болгон. Президент айдын аягына чейин өлкөнүн борборунда өзгөчө кырдаал жарыялады. 400дөн ашык киши кармалган.

Бразилиянын баш калаасында демонстранттар өлкө президентинин резиденциясын – Планалто сарайын басып алышты. Лула да Силва коопсуз аймакка жеткирилди.

edita