SerepTV Logo

Пекинде коронавирустун жаңы очогу аныкталып, жапырт текшерүү башталды

Пекинде коронавирустун жаңы очогу аныкталып, жапырт текшерүү башталды

Пекиндин Чаоян районунун көптөгөн чет элдиктер жашаган "престиждүү" бөлүгүндө бийлик узак убакыттан бери биринчи жолу COVID-19дун жаңы очогун аныкташты. Бул тууралуу Reuters агенттиги жергиликтүү бийликтин өкүлү Сюй Хэцзянга шилтеме берүү менен билдирди.

"Учурда Чаоян районунда 166га жакын учур коронавирус менен байланыштырылды", - деди чиновник.

Анын айтымында, 13-июндан 15-июнга чейин бул аймакта жарандарды коронавируска массалык түрдө текшерүү башталат. 

edita