SerepTV Logo

Париждин белгилүү «Эйфель» мунарасы алтын түскө боёлот

Париждин белгилүү «Эйфель» мунарасы алтын түскө боёлот
Франция 2024-жылда боло турчу Дүйнөлүк олимпиада оюндарына даярдана баштады. Анда Париждеги Эйфель мунарасы 130 жылдык тарыхында кеңири реконструкцияланат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, 1968-жылдан бери биринчи жолу мунара дат баскан күрөң түстөн алтын түскө боёлот. Бул жумуштарга 50 миллион евро сарпталат. Сырдоо иштери 2022-жылга чейин аяктап, андан кийин анын жанындагы сейил бакты масштабдуу реконструкцияланат. Деген менен Эйфелди сырдаардан мурун 19 катмар эски боёкту алып салуу керек жана бул бүтүндөй мунаранын салмагын бир кыйла төмөндөтүшүнө алып келерин да айтып жатышат. Белгилей кетсек, буга чейин мунараны сырдоо үчүн 60 тонна боёк колдонулчу. Эйфель ар бир жети жылда бир жолу сырдалып турчу. Бирок кооздук үчүн эмес. Аны ар кандай атмосфералык таасирлерден коргоо үчүн боёлуп келчү.
Unknown Author