Париж Олимпиадасындагы гендердик чатак: алжирлик боксчу алтын медаль үчүн беттешет
Алжирдик боксчу Иман Хелиф айланасында болгон гендердик чатакка карабай, Олимпиаданын алтыны үчүн күрөшө турганын Tengri Sport басылмасы жазды.
Алжирдин өкүлү жарым финалда таиланддык Жанжаем Суваннафаенгди 5:0 эсебинде жеңип алды. Эми Олимпиаданын финалында кытайлык Ян Лю менен күч сынашат.
- Буга чейин кыз-келиндер арасындагы бокс боюнча мелдештин чейрек финалында италиялык Анжела Карини алжирлик трансгендер делген спортчу Иман Хелиф менен 46 секунд гана беттешкен. Карини денеси ооруп жатканын айтып, беттешти токтоткон. Хелиф 2023-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалында тестостерондун жогорулашынан улам дисквалификацияланган, бирок Олимпиада оюндарына катышууга уруксат берилген.
- Иман Хелифтин атасы Амар Хелиф спортчунун кыз киши экенин далилдеш үчүн анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана бала кездеги сүрөттөрүн көрсөткөн.