SerepTV Logo

Париж Олимпиадасы: египеттик спортчу кош бойлуулугунун жетинчи айында беттешке чыккан

Париж Олимпиадасы: египеттик спортчу кош бойлуулугунун жетинчи айында беттешке чыккан
29-июлда Олимпиадада аялдар арасында фехтование боюнча турнир өттү. Египеттик спортчу Нада Хафез 7 айлык кош бойлуулугу менен мелдешке чыкты. Бул тууралуу 26 жаштагы спортчу өз оюнун жыйынтыктап алган соң, социалдык тармактарга жазды. Спортчу 1/8 финалга чыгып, Түштүк Кореянын өкүлүнөн 7:15 эсебинде утулуп калды. Мелдеш аяктагандан кийин Нада Хафез беттештерде 2 адам эмес, 3 адам болгонун айтты.  “Чындыгында, беттештерде мен, менин атаандашым жана менин жарыкка келе элек балам болду. Мен үчүн физикалык да, эмоционалдык жактан да көп кыйынчылыктар болду!  Мага ишенген үй-бүлөмө жана жолдошума ыраазычылык",- деп жазды ал. 
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Nada Hafez (@nada_hafez)

edita