SerepTV Logo

Пакистандын өкмөт башчысы Кытайдын вакцинасынан кийин коронавирус жуктуруп алды

Пакистандын өкмөт башчысы Кытайдын вакцинасынан кийин коронавирус жуктуруп алды
Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан жубайы экөө Covid-19 жуктуруп алышты. Ишемби күнү өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фейсал Султан премьер-министр үйүндө обочолонгонун билдирди. 68 жаштагы премьер бейшемби күнү коронавируска каршы кытайлык Sinopharm вакцинасынын биринчи дозасын алган. Sinopharm Пакистанда Covid-19 вирусуна каршы жападан жалгыз жеткиликтүү вакцина деп билдирет басылма. Пакистандын саламаттыкты сактоо министрлиги эмдөөдөн өткөндөн кийин вируска каршы иммунитет пайда болуш үчүн бир нече жума керектелерин айтып, калкты Хандын диагнозунан улам эмдөөдөн баш тартпоого чакырды. "Премьер-министр Имран Хан вирус жугузуп алган учурда толугу менен эмдөөдөн өтө элек болчу. Ал 2 күн мурун биринчи гана дозасын алган, бул убакытта бардык эле вакцина жардам бере албайт. Антитело 2-дозасын алгандан кийин 2-3 жумадан соң пайда болот", - деп жазышты министрликтен. 19-мартта Кытай Кыргызстанга 150 миң доза Sinopharm вакцинасын жөнөткөн. Кыргыз өкмөтү аны менен 75 миң адамды эмдөөнү пландаштырууда.
Unknown Author