Пакистандагы жардыруудан каза болгондордун саны 54 адамга жетти
Пакистандын бийлиги жекшембидеги жардырууда каза болгондордун саны кеминде 54 болгонун маалымдады.
Жардыруу 30-июлда Баджаур провинциясынын Хар деп аталган шаарчасында болгон. Бийликти колдогон "Ислам улем жамааты" диний партиясынын жыйыны өтүп жаткан маалда жанкечти өзүн жардырып жиберген. Жабыркагандар ооруканага жаткырылган.