Өзбекстандын эки "ханбийкесинин" сүрөтү кызуу талкууга жем таштады
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийойевдин кызы Саида Мирзийойева соцтармактагы баракчасына улуттук костюм кийип түшкөн сүрөттөрүн жарыялап, ал өз учурунда кызуу талкууга жем таштады. Тагыраагы Саида Мирзийойева постко тиркеген сүрөттөрдүн бириндеги локация маркум өзбек президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнора Каримованын буга чейин түшкөн жери менен опокшош. Ансыз да Саида Мирзийойева менен Гүлнора Каримованы көп салыштырып келишкени маалым.
Саида Мирзийойева атасы өлкөнү башкарууга келген соң Өзбекстандын президенттик администрациясына караштуу Масс-медианы өнүктүрүү жана колдоо боюнча коомдук фонддун төрагасынын орун басары болуп иштеп келет. Мындайча айтканда, Өзбекстандын чет жердеги зоболосун арттыруу жана мамлекеттик органдардын басма сөз кызматынын иштерине жооп берет. Дүйнөлүк коомчулук көбүнесе Саида Мирзийойеваны Өзбекстандын жаңы ханбийкеси деп сыпаттайт. Жогорудагы сүрөттөн тышкары да фотосессияда тартылган кадрларга көз салыңыз. Анын айтымында, Өзбекстандын түрдүү аймагынын улуттук костюмдары болуп саналат.