SerepTV Logo

Өзбекстандагы дарыгерлер 101 жаштагы карыяны коронавирустан дарылашты

Өзбекстандагы дарыгерлер 101 жаштагы карыяны коронавирустан дарылашты
Коронавирустан айыккан карыялардын катарын Өзбекстандын 101 жаштагы жараны толуктады. Ал Ташкент облусундагы ооруканага 20-апрелде жеткирилген. Ошол учурда 1920-жылы төрөлгөн жаран оор абалда деп айтылган. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, ПЦР-тест менен коронавирус аныкталып, рентген өпкөсү жабыркаганын көрсөткөн. Андан бери дарыгерлер токтоосуз дарылоо иштерин жүргүздү. Өзбекстанда жалпы 87 миңден ашык адам коронавирустан дарыланды. Бул жалпы катталган бейтаптардын 96 пайызын түзөт.
edita