SerepTV Logo

Өзбекстанда тоодон таш кулап, унааны ичиндеги адамдары менен басып калды (видео)

Өзбекстанда тоодон таш кулап, унааны ичиндеги адамдары менен басып калды (видео)

Өзбекстанда тоодон чоң таш түшүп, өтүп бара жаткан Chevrolet Cobalt унаасынын үстүнө кулады. Бул тууралуу  Podrobno.uz жазды. 

Каргаша 6-ноябрда саат 16:00дө Кашкадарыя районундагы Тахтакарача ашуусунда болгон. Үч адам ошол жерде каза болгон.

Унаа Китабдан Самаркандга бара жаткан. Каза болгон жарандардын аты-жөнү такталууда. Социалдык тармактардагы маалыматтарга караганда, салондогу жүргүнчүлөр Венгриянын жарандары, айдоочусу Өзбекстандан болгон. Азырынча бул маалымат тастыктала элек.

edita