SerepTV Logo

Өзбекстанда келин ымыркайын баштыкка салып, көчөгө таштап салган

Өзбекстанда келин ымыркайын баштыкка салып, көчөгө таштап салган
Бухара облусунда тартип сакчылары көчөдөн жаңы төрөлгөн ымыркай оролгон жашыл баштык таап алышкан. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды. Окуя 8-августта саат 01:30дар чамасында болгон. Тартип сакчылары борбордук оорукананын имаратынын жанынан баланын ыйын угушкан. Айлана-чөйрөнү текшере баштап, баштыкка салынган ымыркайды таап алышкан.  Милиция кызматкерлери ымыркайды жакын жердеги ооруканага алып барып, ага жардам көрсөтүлгөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 4-августта 28 жаштагы келин дарыгерлердин жардамысыз көз жарып, андан соң ымыркайдан кутулууну чечкени белгилүү болгон. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Алардын жыйынтыгы боюнча мыйзамдуу чечим кабыл алынат.
edita