Өзбекстанда чет өлкөдөн келгендер үчүн коронавирустук тестирлөө жокко чыгарылды
Бүгүн, 15-марттан тарта Өзбекстандагы COVID-19 боюнча республикалык комиссиянын чечими менен аэропорттор, темир жол станциялары же чек ара бекеттери аркылуу чет өлкөдөн кирген жүргүнчүлөр үчүн коронавирусту милдеттүү түрдө текшерүү алынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлкөгө жаңы эрежелер киргизилген. Анда учак же поезд менен келген адамдар учакта же поездде каттоодон өткөнгө чейин акыркы 72 сааттын ичинде алынган коронавирустук инфекциянын жоктугу жөнүндө маалымкат бериши керек. Ошондой эле жаңы эреже боюнча автоунаа менен келген адамдар акыркы 72 сааттын ичинде алынган коронавирустук инфекциянын жоктугу жөнүндө күбөлүктү көрсөтүшү зарыл. Күбөлүк жок болсо, алар чек ара пункттарындагы атайын клиникаларда жана лабораторияларда илдеттин бар же жок экенин аныктоо боюнча экспресс-тесттен өтө алышат. Эгерде жыйынтык терс болсо, алар өлкөгө киргизилет. Аны менен катар бардык келген жүргүнчүлөр үчүн тесттин жыйынтыктары англис же орус тилдеринде болушу шарт.
Ошондой эле башка өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөрдүн коронавируска карата ПЦР-тестинин жыйынтыгы терс болсо, экспресс тестирлөөсүз киргизилет.