Өзбекстанда бекер пальто үчүн мушташ чыкты (видео)
Ташкентте бекер пальто таратуу учурунда топтолгондор ызы-чуу жаратты. Бул тууралуу uznews.uz жазды.
Социалдык тармактарда Өзбекстандын борборунда тартылган видео пайда болду. Анда чогулгандар тепселендиде калып, дүкөндүн сыртында мушташып жатканын көрүүгө болот. Жергиликтүү укук коргоо органдары 4-январда Юнусабад районунда жайгашкан кийим-кече дүкөнүнүн ээлери 300 даана эркектердин кышкы пальтосун бекер таратып жатканы тууралуу социалдык тармактарга жазып, дүкөндүн сыртына эл чогулуп, баш аламандык баштаганын кабарлады.
Дүкөндүн ээси Өзбекстандын Административдик кодексинин 200-1-беренесине ылайык, «Массалык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бузуу» боюнча айыпка жыгылды. Айып пулдун көлөмү 5,1 миллион өзбек сумун түзгөн. Ошондой эле дүкөндүн тогуз кызматкери айыпка тартылды.