SerepTV Logo

Өзбекстанда аял 13 жаштагы кызын үйгө алмашууга аракет кылды

Өзбекстанда аял 13 жаштагы кызын үйгө алмашууга аракет кылды

Самаркандда 13 жаштагы кызын 25 миң долларлык үйгө алмаштырууга аракет кылган аял кармалды.

Замон басылмасы жазган маалыматка караганда, 41 жаштагы аял Кашкадарыядан Самаркандга иштөө үчүн келген. Аялдын айтымында, ал учурда үй-бүлөнүн өз үйү жок болуп, бирөө ага үч баласынын бирөөсү үчүн үй алып берерин айтып, сунуш киргизген.

Аял макул болуп, ортончу кызын алмаштырган. Акчаны алган аял ийгиликтүү ишин белгилөө үчүн ресторанга барган, ал жерден укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган. Белгиленгендей, аял мурда да соттолгон. Балдар мамлекеттин карамагына өткөрүлдү.

edita