Өзбекстанда аткаминерлер балдар үйүндөгү өспүрүм кыздарды зордуктап жүргөн
«Аткаминерлер балдар үйүнүн жашы жете элек кыздарын зордуктап жүргөн. Ал эми балдар үйүнүн жетекчиси шериктик кылган. Үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө мамлекеттин камкордугуна алынган кыздар катуу жазага тартылып, тамак-ашынан ажыратылып, чоң кишилер менен жыныстык катнашка барууга мажбурланган», - деп айтылат билдирүүдө.
ЖМКлардын жазганына караганда, кыздар балдар үйүндө, башка жерлерде, юстиция башкармалыгынын жетекчисинин кызматтык батиринде секс кызматын көрсөтүүгө аргасыз болушкан. Бул окуя 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланып, коомчулукка эми гана жарыяланып жатат. Факт мурда эле белгилүү болгон жана аткаминерлердин соту жабык өткөн. Айыпталуучулар сотто кыздар интимге өз каалоолору менен барганын, аларды эч ким кыйнабаганын айтышкан. Соттун чечими менен 1,5 жылга үй камагына алынган. Ал эми балдар үйүнүн жетекчиси 5 жылга кесилген.