Өзбек президентинин жубайы ашканада (сүрөт)
Өзбекстандын президентинин улуу кызы Саида Мирзийоева эс алуу күнүндөгү сүрөттөрдү жарыялаган. Анын айтымында, жекшемби күндөрү алар жакшы көрүп жеген тамак-аштарды даярдашат.
Алар үчүн салтка айланып калган тамактардын бири — гүлчөтай. Ал эми сүрөттө президенттин жубайы Зироат Мирзийоеванын тамак даярдап жатканын көрүүгө болот. Сүрөттө президенттин жубайы Зироат Мирзийоева, уулу Алишер, улуу кызы Саида жана анын 3 баласы бар.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="45077,45078,45079,45080,45081,45082"]