SerepTV Logo

Отставкага велосипед менен... Жөнөкөйлүктү кызматын тапшырып берүүгө чейин карманган өкмөт башчы

Отставкага велосипед менен... Жөнөкөйлүктү кызматын тапшырып берүүгө чейин карманган өкмөт башчы
Нидерланддардын мурдагы премьер-министри Марк Рютте министрлер кабинетинин жаңы башчысы Дик Схофко ордун өткөрүп берип, андан ары өкмөттүн резиденциясынан велосипед менен кетти. 14 жылдан бери өкмөттү башкарып келген Марк Рютте 1-октябрда НАТОнун жаңы башкы катчысы катары кызматка киришет. Ал буга чейин деле өз үйүнөн өкмөттүн резиденциясына велосипед менен ишке келип жүргөн.
info