SerepTV Logo

 "Оскар" сыйлыгына талапкерлер жарыяланды

 "Оскар" сыйлыгына талапкерлер жарыяланды
Кечээ, 23-январда Америка киноакадемиясы 97-"Оскар" сыйлыгына талапкерлерди жарыялады. Бул тууралуу BBC жазды. "Мыкты тасма" үчүн "Оскар" сыйлыгына ат салышчу тасмалар: Шон Бейкердин "Анора"; Брэди Корбеттин "Бруталист"; Жак Одиардын "Эмилия Перес"; Эдвард Бергердин "Конклав"; Джеймс Мэнголддун "Эч кимге белгилүү эмес"; Дени Вильнёвдун "Дюна 2"; Вальтер Саллестин "Мен дагы эле бул жердемин"; Корали Фарждын "Субстанция"; Джон Чунун "Батыштын жезкемпир тууралуу жомогу"; Рамелл Росстун "Никелден чыккан балдар". "Биринчи пландагы мыкты актриса" үчүн "Оскар" сыйлыгына талапкерлер: Деми Мур ("Субстанция"), Майки Мэдисон ("Анора"), Карла София Гаскон ("Эмилия Перес"), Синтия Эриво ("Батыштын жезкемпир тууралуу жомогу"), Фернанда Торрес ("Мен дагы ушул жердемин"). "Экинчи пландагы мыкты актер" наамына жарыштагылар: Киран Калкин ("Чыныгы оору"), Юра Борисов ("Анора"), Эдвард Нортон ("Эч кимге белгилүү эмес"), Гай Пирс ("Бруталист"), Жереми Стронг "Шакирт. Трамптын көтөрүлүүсү". Номинациялар өткөн аптада эле жарыяланышы керек болчу. Лос-Анжелестеги токой өрттөрүнөн улам кулактандыруу кийинкиге калтырылды. "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи 2-мартта Түндүк Америка чыгыш убактысы боюнча саат 19:00дө болот. Анын алып баруучусу америкалык белгилүү куудул Конан О'Брайен болот.